Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Дүйнөдө тамеки чеккен адамдардын жалпы саны 1 миллиардга жетти

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
603
Дүйнөдө тамеки чеккен адамдардын жалпы саны 1 миллиардга жетти, учурда ар бир төртүнчү эркек жана ар бир жыйырманчы аял никотинге көз каранды деп Lancet журналына жарыяланган макалада айтылгандыгын РИА Новости маалымдады.
Илимпоздордун пикиринде, тамекини таштагандарга караганда, чеккендердин саны тездик менен өсүп жатат. Алардын эсеби боюнча 2015-жылы тамеки чеккендердин саны дүйнөдө 933 миллион адамды түзгөн. Эгерде жагдай өзгөрбөсө бул жүз жылдыкта бир миллиардга жакын адамдын түбүнө тамеки жетет.
Тамеки чеккен эркектердин 400 миллионго жакыны Кытай, Индия жана Индонезияда, ал эми 17 миллионго жакын аял АКШ, Кытай жана Индияда жашашат. Ал эми айрым өлкөлөр боюнча алганда, лидерлик  Кирибати, Индонезия, Лаос, Мариан аралдарына таандык. Армениялык эркектердин тең жарымы тамеки чегишет. Аялдар тууралуу айтсак, Гренландияда назикжандардын 44%ы, Болгария, Греция, Черногория, Хорватия жана Македонияда 28%ы тамеки чегишет.
Тамеки өлүмгө себеп болгон өлкөлөр арасында Россия алдына Кытай, Индия жана АКШны гана чыгарып төртүнчү орунда турат деп айтылат маалыматта. Аталган өлкөлөрдө жыл сайын бери дегенде 200-800 миң адам өлүмгө дуушар болот. Ал эми Кытайда бул көрсөткүч жылына 1,2 миллионго жетүүдө.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.