Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Далай ламанын тогузунчу сапары

Дүйнө
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
418
Эртең, 18-ноябрда Далай лама Монголияга иш сапар менен келет жана ал монгол жергесинде 22-ноябрга чейин болот.
Бул Далай ламанын Монголияга тогузунчу сапары. Ал акыркы ирет Гандантэгчэнлинг монастырынын чакыруусу боюнча 2011-жылы келип кеткен.
Кошумчаласак, тибеттик буддисттердин лидери Далай ламанын өз аты Нгагва́нг Ловза́нг Тэнцзи́н Гьямцхо́. 1935-жылдын 6-июлунда туулган. 1940-жылдын 22-февралында 5 жаш курагында тактыга отургузулган. Будда философиясынын доктору же геше лхарамба жогорку илимий даражасын алыш үчүн 24 жашында Тибеттин Дрепунге, Сэре жана Гандене деп аталган монастырлык университеттеринде экзамен тапшырган. 1959-жылдын кышында ал бир күндө 20 миң монах-илимпоздордун алдында үч экзаменди эң мыкты тапшырып геше-лхарамба даражасына ээ болгон. 1989-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылга чейин Тибеттин куугунтуктагы өкмөтүн жетектеген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.