Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Дайыма өрттөнө берген үй

Дүйнө
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
600
Зимбабвелик жубайлар үйү дайыма табышмактуу өрттөнүп кетерин жана бул аларды жүдөтүп, бушайманга салып жаткандыгын айтышат. Жакында эле алардын үйүн дагы кызыл жалын каптап, өрттөнүп кетти, анын себеби жумурткадан улам чыккан.
Гверу шаарынын жашоочусу Филипп Хлабати биринчи кырсык 2013-жылы болгондугун билдирет. Ошондон тарта алардын үйү бир нече жолу өрттөнүп кеткен.
Эң акыркы өрт кырсыгы аларды абдан бушайманга салды. Үй-бүлө башчысынын айтымында, керебеттин алдынан чаар жумуртка таап алышкан. Бул абдан таң калычтуу эле. Анткени, алар тоок багышчу эмес. Табышмактуу жумуртканын табылышынан кийин, үйдүн көпчүлүк бөлүгүн кызыл жалын өрт каптап, жашоого жараксыз болуп калган.
“Кызык жери, үй өрттөнүп жатканда көпчүлүк адам чатырдан жерге кулап түшүп жаткан жумурткалдарды көрүшкөн. Аларда “Сен дагы жабыркайсың”,- деп эскертүү берген жазуу жабыштырылган болчу. Арийне, өрт кырсыгын токтоткондон кийин үйдөн жумуртка да, кат да табылган эмес. Мен эмне болуп жаткандыгын түшүнбөйм жана буга айран-таң болуп жатам. Биздин жан дүйнөбүздү коркунуч ээледи  жана бизди сактап калгыла”, - деп Хлабати бала-бакырасынын тагдырын ойлоп, коомчулукка кайрылды.
Гверу шаарынын өрт өчүргүчтөрү дагы буга абдан таң калышууда. “Бул жерде бир мандем бар. Биз алгач өткөргүч зымдардан улам өрт тутанган болуш керек деп ойлогонбуз. Бирок мында электр тогунун эч кандай тиешеси жок экен. Бизге өрттүн келип чыгуу себептери түшүнүксүз. Бул жерде бир табышмак сыр бар,” -дейт өрт коопсуздугунун жетекчиси.
Хлабатинин үй-бүлөсү азыр өрттөн жабыркабай калган жападан жалгыз бөлмөдө баш калкалашууда.
 Акун кызы Динара


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.