Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

“Чөлдөгү Сингапур"

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
437
Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн көбү жаратылыш ресурстарын экспорттоого көз каранды болбой эле, экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн жолдорун издеп жатышат. Алар бул багытта Дубайдан көп нерсени үйрөнүшсө болот дейт MBRSGнын (Дубайдагы мамлекеттик башкаруу мектебинин) илимий кызматкери Яссер аль-Салех.
Айтымында, Дубай бир муундук өмүрдө заманбап сооданын жана маданияттын, инвестициялардын ири борборуна айланды. 2008-жылдагы дүйнөлүк кризис Дубайга сокку урган менен андан абийир менен чыккан шаар-мамлекеттин кайрадан гүлдөп өнүгө баштоосу ар тараптуу көңүл бурууга арзыйт. Дубайды азыр “Чөлдөгү Сингапур” деп аташат. Дубайда 150 асман тиреген бийик имарат курулган. Бул жагынан Нью-Йорк менен Гонконгдон кийинки эле орунда турат.
Дубайдын бренди анын саясий туруктуулугу жана коопсуздугу, өкүм сүргөн толеранттуулук, маданий ар түрдүүлүк жана жашоонун жогорку стандарттары.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.