Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Чернобыль станциясы калкан менен капталууда

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
370
Дүйнөдөгү  эң чоң атомдук кырсыкка учураган  Украинадагы Чернобыль атомдук станциясы болот калкан менен капталууда. Анын  туурасы 275 метр жана узуну 108 метр болгон калкан реактордун үстүн толугу менен каптай тургандай жасалды. Бул толугу менен 5 күндүн ичинде ишке киргизилет. Аталган калкандын салмагы  36 миң тонна болсо, баасы  1,5 миллиард долларды түзөт. Болот калкан  100 жылга чейин радиоактивдүү заттарды өткөрбөйт. Белгилүү болгондой,  1986-жылы атомдук станцияда болгон кырсыктын кесепетинен радиоактивдүү заттар абага кошулуп, эң көп  Европага таасирин тийгизген.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.