Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Быйылкы аномалдуу аптап Францияда 1500 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
20
Францияда ушул жайдагы аномалдуу  ысыктан каза тапкандардын саны анык болду. Үстүбүздөгү жылдын июнь жана июль айларындагы 46 градуска жеткен аномалдуу ысык күндөр 1435 адамдын өмүрүн алгандыгын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Аньес Бюзен француз радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Айтымында, каза тапкандардын көпчүлүгү 75 жаштан жогору курактагылар болгон.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу