Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Брэд Питтке балдарына зомбулук көрсөткөн деген айып тагылууда

Дүйнө
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
523
Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашуусунун аркасында ар кандай кептер айтылууда. Чет элдик басылмалардын жазгандыгына караганда,  экөөнүн ажырашуусуна Жолинин кызганчактыгы себеп болгон  дешсе, кээ бирлери  Брэд учакта баратып балдарынын бирөөсүн Жолинин көзүнчө урушуп, урган. Ошол күнү экөө эки башка жакка кетип, көп өтпөй Жоли ажырашууга арыз берген  деп айтышууда. Актёрго карата балдарына зомбулук көрсөткөн  деп кылмыш иши козголгон деп айтылып, бирок Лос-Анжелес шаарынын полиция кызматы бул маалыматты төгүндөгөн. Бүгүн  23-сентябрда ФТБ - федералдык тергөө бюросунун  кызматкери "People" басылмасына Брэд Питтке карата айыптоолордун чын-калпын аныктоо үчүн текшерүүлөр жүрүп жаткандыгын, эгерде чын болсо актёрго карата кылмыш иши козголорун билдирген. Учурда окуя боюнча үй-бүлө жана балдарды көзөмөлдөгөн борбор иш алып барууда. Актёрдун туугандары анын күнөөсү жоктугун айтып чыгышкан. Эске салсак, 20-сентябрь күнү Анжелина Жоли ажырашууга арыз берген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.