Курс НБ на 21.01.2020 $69,7000 €77,3008

Борно штатында 75 миңдей бала ачарчылыктан көз жумушу мүмкүн

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
459
Жакынкы айларда Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында 75 миңдей бала ачарчылыктан көз жумушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУ маалымат таратты. Аталган уюмдун гуманитардык жардам боюнча координатору Петера Лундбергдин айтымында, жакында эле “Боко Харам” экстремисттик уюму жашап турган аймакта 14 миллиондон кем эмес киши жардамга муктаж болушууда. Жардам сурагандардын арасында 400 миңдейи жашы жете элек өспүрүмдөр. Нигериянын түндүгүндө акыркы жети жылдан бери жихадчылар менен бийлик аскерлери ортосунда катуу кармаш жүрүп, бул аймакта жашаган жайкын тургундардын он миңдейи кырылып, 500 миңдейи качкын болуп жер которушканы маалым.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.