Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Боб Дилан сыйлык тапшыруу аземине катышпайт

Дүйнө
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
369
Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаты Боб Дилан 10-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземине катышпай тургандыгын  Швеция академиясы билдирди.
16-ноябрда таратылган билдирүүдө ал өзү академияга кат жазып, сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, бирок салтанатка катышуудан баш тартканын айткан.
Бир ай мурда Нобель комитети адабият сыйлыгын америкалык ырчы Боб Диланга берүүнү чечкен. Андан соң бир апта өткөндөн кийин гана Боб Дилан өзүнүн расмий сайты аркылуу сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирген. Көп өтпөй сайттан бул билдирүү өчүрүлгөн.
Маалыматтарга караганда, ал бир апта бою комитеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн качып, телефонун алган эмес.
Буга чейин 75 жаштагы Дилан Telegraph басылмасына курган маегинде сыйлык тапшыруу аземине катышарын жана Швециянын падышасы Карл XIV Густавдын колунан 900 миң доллар сыйлыкты алууга дилгир экенин айткан. Бул тууралуу кабар Борбор Азиянын Кабарлар кызматына жарыяланды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.