Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Берлиндеги окуянын жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» өзүнө алды

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
394
Берлиндеги жармаңке учурунда болгон каргашалуу окуянын жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ өзүнө алгандыгын BBC кыргыз кызматы жазып чыкты.  Билдирүү террордук уюмга таандык интернет сайтка жарыяланган. Анда аткаруучуларды «Ислам мамлекетинин жоокери» деп аташкан. 19-декабрда Берлиндеги жаңы жылга арналган жармаңке учурунда оор жүк тарткан унаа элди тебелетип айдап, бир нече метр жерге чейин кирип барган. Бул окуядан 12 киши каза таап, 48 адам жаракат алган. Германиянын Ички иштер министри Томас де Майзиер бул атайын жасалган чабуул экенине шек жок деп билдирген болчу. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганы айтылган. Ал эми унаа ичинен жансыз денеси табылган киши Польша жараны экени белгилүү болгон. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр оор жүк ташуучу унаа дагы Польшада катталганын көрсөтүп турат. Унаа Польшада курулуш болуп жаткан жерден уурдалган болушу мүмкүн деген полиция. Унаанын ээси Ариель Зуравски айдоочусу саат төрттөн бери дайынсыз жок болгонун тастыктады. "Биз айдоочубуздан түштөн бери кабарыбыз жок",- деген ал AFP маалымат агенттигине берген маегинде. Германия бийлиги бул кайгылуу окуяны террористтик чабуул деп атады. Унааны башкарып келген деп кармалган шектүү боюнча полиция кеңири маалымат бере элек.
Булак : BBC кыргыз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.