Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Бангладеште жол тыгындарынан улам унааларга чектөө киргизилет

Дүйнө
26 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
431
 Бир үй-бүлөгө эки унаадан ашык пайдаланганга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 2015-жылы Бангладеште 21 миң жеңил унаа, алардын ичинен 18,5 миң унаа Дакка шаарында катталган. "Өлкөдө мындан ары жашоочулар эки машина менен ыраазы болуп жашоого туура келет",- деп билдирген транспорт министри Обайдул Квадер. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Дакка шаарында көптөгөн чакырымдарга созулган унаа тыгынынан улам өлкө жетекчилиги унаа сатып алууга чектөө киргизүү кадамына барган. Унаалардын санын чектеген мыйзам долбоорду бекитүү үчүн өкмөттүн кароосуна сунуш  кылынмакчы. Андан кийин парламенттин талкуусуна жиберилет.
Самара Капарова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.