Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Балырдан жасалма тери жасалды

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
384
Терини  Чилинин  окумуштуулары кадимки балырдан бөлүп алышты. Мындай тери адамдарды дарылоодо колдонулаары айтылып жатат. Жаңы тери мурдагы жасалма терилерден түсү жана дем алгандыгы менен айырмаланат.  Ал жашыл түстө,- делет “Азаттыкка” жарыяланган маалыматта.  Чилинин Католик университетинин илимпоздору билдиргендей, кан тамырлардын жоктугу жасалма терилердин башкы көйгөйү болуп келген. Себеби кан тамыр болбосо териге кычкылтек жетпей калат. Ал эми балырдан жасалган соңку жасалма тери фотосинтез процесси аркылуу дем алат. Окумуштуулардын айтымында  мындай терини ачык жарааттарды, шишиктерди айыктыруу жана ампутацияны алдын алуу үчүн колдонсо болот.  Бул тери азыр жаныбарларда сыноодон өтүп жатат. Кийинки жылы ал биринчи жолу адамга колдонулат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.