Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Австралия Ооганстанга каржылык жардам көрсөтөт

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
449
Австралияда расмий сапар менен жүргөн Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани 4-апрелде Канберрада премьер-министр Малькольм Тёрнбулл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Ага ылайык, 2020-жылга чейин Австралия Ооганстанга 320 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтө турган болду. Аталган сумма инфраструктураны өнүктүрүүгө, айыл чарба, суу менен камсыздоо, билим берүү, жарандык адистерди даярдоо жана аялдарды жумушка орноштуруу максаттарына жумшалат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.