Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ангеланын кумары качан тарайт?

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
345
2017-жылдын күзүндө Германияда кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Федералдык канцлер Ангела Меркель ошол шайлоодо канцлердик кызматка талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө. Эгерде шайланып калса, бул анын төртүнчү мөөнөтү болот.
Быйыл июль айынын аягында анын кезектеги шайлоого катышаар-катышпастыгы тууралуу журналисттердин берген суроосуна Германия өкмөтүн 2005-жылдан бери жетектеп келаткан Ангела Меркель: “Убакыт келе элек. Жообун кийинчерээк айтайын” деп жооп кайтарган болчу. Бирок, учурда өлкөдө аракеттеги канцлердин миграциялык саясатына нааразы болгондор көп. Өзү жетектеген ХДС/ХСС партиясынынын ичинде да аны сындагандардын катары арбып баратат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.