Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Америкалык жашоону көргөн аскерлер качып жатат

Дүйнө
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
385
Reuters агенттиги 2002-жылдан бери Америка Кошмо Штаттары ооганстандык аскерлерди окутуп, кайра даярдоого 60 миллиард доллар коротту деп билдирет.
Бирок, АКШдагы турмуштун чет жакасын көрүп калган оогандык аскерлер окууларын таштап качып кетишүүдө. Мисалы, 2015-жылдын январь айынан бери эле оогандык 44 аскер кызматкери окуу базасын таштап, из жашырган. Бул туурасында аталган маалымат агенттигине Пентагондун өкүлү Адам Стамп айтып берген. АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү окуу базаларынан башка өлкөлөрдүн аскерлери да качып кеткен учурлар бар экендигин, ал эми оогандыктар көбүрөөк качууга аракет жасашаарын кошумчалаган. Быйыл сентябрь айында эле оогандык жети аскер качып кеткен.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.