Курс НБ на 22.09.2019 $69,8317 €77,1501

Америкалык дипломат өзүнүн мурдагы тажик аялын атып өлтүрдү

Дүйнө
11 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
72
Вашингтондо америкалык дипломат Джейсон Рифф өзүнүн мурдагы тажик аялы 45 жаштагы Лола Гуломованы атып өлтүрдү деп маалымдады “Ахбор” сайты. Полиция келген учурда дипломат өзүн-өзү атып, башына тийген октон ооруканада көз жумган. Жубайлар 18 жыл бирге жашоодон кийин быйыл март айында ажырашып кетишкен. Алардын эки кызы каргашалуу окуя учурунда үйдө болушкан эмес.
"Washington Post” гезитинин жазганына караганда, Лола Гуломова 4 жылдык контракт боюнча 2020-жылы Белградга барып иштемек жана кыздарын өз менен ала кетмек. Бирок, мындай чечимге 51 жаштагы Рифф макул болгон эмес. Элдик бийлердин мурдагы изилдөөчүсү Лола Гуломова АКШда карьера жасай алган Тажикстандын саналуу жарандарынын бири болгон. Ал НАСА агенттигинде, АКШнын Москвадагы элчилигинде, акыркы учурда АКШнын Соода министрлигинде иштеп жаткан. Ал эми мурдагы күйөөсү Мамдепартаменттин кызматкери болгон. Джейсон менен Лола 2000-жылы үйлөнүшкөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.