Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Америкада адамдын денесин чириткен оору пайда болду

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
378
Америкада  адамдын денесин  чиритип жибере турган зомби оорусу катталды. Маалыматтарга таянсак, аталган оору АКШга Ирак менен Ооганстандан барган. Бул тууралуу НТВ телеканалы көрсөттү. Телеканалдын маалыматына караганда, инфекцияны алып жүрүүчүлөр болуп Ирактан, Ооганстандан келген аскер кызматкерлери жана Борбордук, Түштүк Америкадан келген экотуристтер болуп саналат. Ооруган адамда жаралар пайда болуп, жыйынтыгында адамды чиритип өлтүрөт. Американын Бетесда шаарчасындагы аскер-медициналык университеттин окумуштуусу Наоми Аронсон ооруга убагында диагноз коюп, ага каршы күрөшүү маанилүү деп билдирет. Ал эми буга чейин маалымат каражаттары Сириянын аймактарында жашаган тургундарда коркунучтуу оору тарап жаткандыгын билдиришкен.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.