Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Алишер Усмановдун яхтасына алуучу керек

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
477
Орусиялык миллиардер Алишер Усманов жалпы наркы 200 млн евро турган 110 метрлик “Эне” (Ona) деп аталган яхтасын сатыкка койду.
“Ona” яхтасы 2008-жылы курулган. Быйыл жайда Усманов 156 метрлик жаңы яхта сатып алгандан кийин “Оnaны” сатууну чечкен. Ал эми жаңы яхтасын энесинин урматына “Дилбар” (Dilbar) деп атаган.
Германиялык Lürssen кеме верфинде жасалган бул яхта дүйнөдөгү эң сыйымдуу яхта болуп эсептелет. Баасы болжол менен 600 миллион долларга барабар.
 
Алишер Усманов тууралуу кошумчаласак, Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст шаарында туулган. Бул байдын байлыгын быйыл Форбс журналы 12,5 млрд доллар деп баалады жана дүйнөдөгү эң бай 100 адамдын катарына киргизди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.