Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Алексей Улюкаев үй камагына алынды

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
410
Москванын Басман соту коррупцияга айыпталып жаткан экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевди үй камагына алуу чечимин чыгарды. Тергөө дал ушундай баш коргоо чарасын белгилөөнү өтүнгөн болчу.
Сотто айыптоо тараптын күбөсү катары эки киши катышты. Министрдин өзү коюлган кинелерди четке кагып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бирок ошол эле маалда тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди.  Улюкаев Орусиянын заманбап тарыхында камакка алынган алгачкы федералдык министр болду. Ал “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн 2 миллион доллар пара алган деп айыпталууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.