Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

АКШдагы бороондон жабыркагандар арасында КР жарандарынын бар-жогу такталууда

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
537
 Бороон АКШ штатынын көптөгөн тургундарын электр жарыгы жок калтырды. Учурда өзгөчө кырдаал абалы Жоржия менен Каролина штатына киргизилгендигин Спутник басылмасы жазып чыкты. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШнын Флорида штатындагы бороондон жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. "Мэтью" деп аталган бороон 30 миңден ашык кишини электр жарыгы жок калтырганын РИА Новости билдирди. Аталган бороон акыркы он жылда аймакта катталган эң чоң бороон болуп саналат. Анын айынын Гаитиде 340 киши каза болду. АКШнын президенти Барак Обама, федералдык бийлик өкүлдөрү адам өмүрүнө кооптулук жараткан бороон-чапкын тууралуу эскертүү берип, кооптуу аймактардан кишилерди чыгып кетүүгө чакырды. Флорида, Түштүк Каролина, Жоржия штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жергиликтүү бийлик 2 миллион кишини коопсуз жайга алып чыгууга чакырды. Анын ичинде Флориданын Жэксонвилл шаары да бар (калкынын саны миллиондон ашык).
Асел Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.