Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Аблязовдун сот иши башталды

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
339
3-апрелде Алматыда казакстандык БТА Банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязовдун жана аталган банктын бир катар мурдагы топ-менеджерлеринин үстүнөн сот иши башталды деп маалымдады РИА НОВОСТИ.
Мухтар Аблязов кылмыштуу топ түзуп, аны жетектөө менен БТА Банктын каржыларын уурдагандыгы, банктын каражаттарын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн айыпталууда. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюронун маалыматтары боюнча ал келтирген зыяндардын суммасы 7,5 миллиард доллардан ашат.
Аблязовго карата кылмыш иши 2009-жылы козголуп, ошондон кийин ал Казакстандан качып, узак убакыт Улуу Британияда жашаган, бирок бул өлкөдөн да чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.