Курс НБ на 06.12.2019 $69,8490 €77,5883

8 мүнөттө сен Германиядасың

Дүйнө
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
454
2010-жылы негизделген австриялык People’s Viennaline авиакомпаниясы Швейцариядан Германияга учуу узактыгы 8 мүнөттүк авиакаттам уюштурмакчы болууда.
The Daily Mail гезитинин маалыматына караганда, People’s Viennaline мындай аба каттамды швейцариялык Санкт-Галлен — Альтенрайн аэропортунан  германиялык Фридрихсхафен шаарына ушул жылдын 2-ноябрында жүзөгө ашырат. Аба маршрутунун аралыгы 21 километр. Каттам билетинин баасы эки тарапка 40 еврону түзөт жана учуу күнүнө эки ирет аткарылат.
People’s Viennaline авиакомпаниясы Санкт-Галлен — Альтенрайн аэропортунан Хорватия, Испания, Италия мамлекеттерине да чартердик каттамдарды жүргүзөт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.