Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

5 бөбөкө Түштүк Кореядан операция жасалат

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
327
Балдардын  жол кире жана мейманкана, тамак-аш сыяктуу бардык чыгымдарды Түштүк Кореялык "Гиль" медициналык клиникасы өзүнө алат. "Мындай демилгени биринчи ирет аткарып жаткан жокпуз, мурун дарылоодон өткөндөр бар. Бул долбоорду албетте жалгыз жүргүзүп жаткан жокмун. Мага Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги жана Кызыл ай уюму көмөктөшүүдө. Бейтаптарды Кореяда өзүм коштоп жүрөм, балдар 1 айдан кийин кайтып келишет", - деди Джонг Вон. 5 бөбөккө тең жүрөк кемчилиги деген диагноз коюлган. Бейтаптын үчөө Ысык-Көлдүн, бирөө Таластын, дагы бирөө Ош облусунун кулуну. Алардын эң кичүүсү 2, эң уулусу 6 жашта.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.