Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

2017-жылы адамдын башын жалгаштыруу аракети жасалат

Дүйнө
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
506
Адамдын башын жалгаштырууга даярдык көрүү жана бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн HEAVEN/GEMINI эл аралык коллаборациясы жаныбарлардын жабыр тарткан жүлүн мээсинин иштөөсү ийгиликтүү калыбына келтирилип жаткандыгын жарыялады.
Surgical Neurology International журналына жарыяланган маалыматта коллаборациянын жетекчиси италиялык нейрохирург Серджио Канаверо алынган натыйжалар кыялдар ишке ашаарын далилдөөдө деп билдирген. Бирок, эксперттер адамдын башын жалгаштыруу идеясына каршы чыгууда.
 
Канаверо шал болгон адамдын башын мээси жараксыз абалга келген, бирок дени карды соо тирүү адамга жалгаштыруу ниетин 2013-жылы эле билдирген.
2015-жылы нейродегенеративдик оорунун айынан шал болуп калган орусиялык программист Валерий Спридонов өз башын башка денеге жалгаштырууга макулдук берген.
 Канаверонун айтымында, башты жалгаштыруу боюнча операция 2017-жылдын аягына чейин мүмкүн болот.
Быйыл январь айында Ханойдогу вьетнамдык-германиялык оорукананын директору Чинь Хонг Шон операцияны анын ооруканасында жасоону сунуштаган.
Экспериментке даярдык көрүү алкагында Канаверо Харбин медициналык университетинде иштеген кесиптеши Сяопин Жэнь менен бирге маймылдын башын жалгаштырышкан. Операция ийгиликтүү болгон, бирок этикалык себептерден улам 20 сааттан кийин маймыл жансыздандырылган.
Илимпоздор чычкандарга, иттерге да эксперимент жасап көрүшүп операция ийгиликтүү болоруна ишеним артышууда.
Ал эми Нью-Йорк университетинин медициналык этика боюнча адиси Артур Каплан адамдын жүлүн мээсин калыбына келтирүү үч-төрт жылдан кийин, ал эми башты жаллгаштыруу бери дегенде жети-сегиз жылдан кийин мүмкүн болот деген пикирде.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.