Курс НБ на 06.07.2020 $77,1102 €86,6140

10 миң теңге Назарбаевдин сүрөтү менен чыгат

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
435
10 миң теңге Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен чыгарылары туурасында Казакстандын Улуттук Банкынын жетекчиси Данияр Акишев билдирген. Бул тууралуу Хабар-24 телеканалы кабарлайт. 10 миң теңге Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата чыгарылган. Маалыматтарга караганда, бүгүн Казакстандын Улуттук Банкынын жетекчиси Данияр Акишев президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн эстелик түрүндөгү 10 миң теңгени тааныштырды. Бул тууралуу Хабар-24 телеканалы кабарлады. Тынчтык жана ынтымак сарайында өлкөнүн улуттук банкы “Казакстандын көз карандысыздыгына 25 жыл, Улуттук банк”  аталышындагы конференция өтүүдө. Аталган 10 миң теңге ушул жылдын 1-декабрынан тартып жүгүртүлө баштайт.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.