Түндүк-Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды
Казакстандын Кызыл-Жар районун суу каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Пакистанда буйволдордун сулуулук сынагы өттү
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында сейрек кездешүүчү буйволдор арасында сулуулар сынагы өттү.
Ашхабаддын мугалимдеринин айлык акысы кечигүүдө
Ашхабадда мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлерине маяна берүү кечиктирилүүдө.
Чылым чеккен эң жаш бала тамекиден баш тартты
Дүйнөдөгү эң жаш чылым чеккич деп эсептелген индонезиялык тогуз жаштагы Алди Ризал тамекини таштап арыктады.
Петербургдагы терактты «Аль-Каидага» байланышы бар экстремисттер жасаган
Петербург метросундагы теракт үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каидага” байланышы бар «Имам Шамилдин батальону» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алды.
Сойкулар үчүн жаңы мыйзам долбоору
Латвиянын Ички иштер министрилиги материалдык пайда табуу максатында жыныстык катнаш мамилелерине барган жарандардын жашына көңүл бурууга чакырды.
Исландияда бир мүйүздүү кой табылды
Исландиянын чарба кызматкерлери жалгыз мүйүздүү койду көрүп, өтө таң калышкан.
Мечитти өрттөгөн киши 30 жылга соттолду
Мындай маалыматты kundemi.kg сайты жазды. Джозеф Шрейбер аттуу Америка кошмо штаттарынын жараны абакта 30 жыл өткөрмөй болду.
Адамдарды кулчулукта кармаган шектүү кармалды
Актөбө облусунун полициясы эки кишини кулчулукта кармап жүргөн деген шек менен жергиликтүү тургунду кармады.
Петербургда балдар үйүндө зомбулук боюнча адамдар кармалды
Санкт-Петербургдун Тергөө комитети балдар үйүнүн бирине сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук боюнча сегиз кылмыш ишин козгоду.
Журналисттерди өлтүрүү көбөйүүдө
Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 25-апрелдеги баяндамасына ылайык, былтыр дүйнөдө 259 журналист камалган.
Европада кызамык күч алууда
Роспотребнадзор россиялык туристтерге Европада кызамык дарты чыккандыгын эскертти.
Японияда министр ката сүйлөп алып иштен кетти
Япониянын Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча министр Масахиро Имамура орунсуз сүйлөп алганын мойнуна алып, оставкага кетүүгө арызын жазган.
Дрондор догдурларга жардамга келишет
Мындай саамалык Швейцариянын Лугано шаарында катталыптыр.
Роботтор тамак ташышат
Июнь айынын тартып Нью-Йорк штатындагы жалпы билим берчү коллеждин кафесинде кардарларды жалаң роботтор тейлей баштайт.
Петербург метросундагы терактты “Имам Шамилдин батальону» жасаган
Петербург метросундагы теракт үчүн жоопкерчиликти "Аль-Каидага" байланышы бар «Имам Шамилдин батальону» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алгандыгын кеңсеси АКШнын Мэриленд штатында жайгашкан террордук ишмердүүлүктөрдү иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди.
Динозаврдын сөөгү табылды
Аргентинанын Патагония аймагында динозаврдын сөөгүнүн калдыктары табылгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Йеменде ар бир он мүнөттө бир наристе көз жумууда
"Альаалям" агенттигинин маалыматына ылайык, Йеменде ар бир он мүнөттө беш жашка чейинки бирден наристелер көз жумууда.
Дүйнөдөгү эң оор аял арыктоодо
Дүйнөдөгү эң оор салмактагы египеттик Иман Ахмед Абдулати Мумбайдагы клиникада дарыланып жатып 171 килограммга чейин арыктаган.
Эгей деңизинде 16 киши каза болду
Эгей деңизинде Мидилли аралынын жакындарында качкындарды ташыган кеменин чөгүшү менен 16 киши каза болду.
Чилиде катуу жер титирөө болду
Түштүк Америка өлкөлөрүнөн Чилиде рихтер таякчасы боюнча 7,1 баллдык жер титирөө болду.
Стамбул банкоматтарынан акча алган түркмөн жарандары көбөйүүдө
Акыркы убактарда Стамбулдун борборундагы Аксарай районунда банкоматтарда кезек күтүп турган Түркмөнстан жарандары көбөйүүдө.
Америка Тажикстанга чек ара бекемдөөгө жардам берет
Бүгүн Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотел Ооганстан менен болгон мамлекеттик чек араны бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Казакстан-Өзбекстан соода жүгүртүүнү көбөйтөт
24-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү.
101 жаштагы күлүк жүз метрди багындырды
Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында өткөн жарышта 101 жаштагы индиялык спортчу Ман Каур жүз метрди 1 мүнөт 14 секунда багындырды.