Нур-Султанда Сирия боюнча 14-эл аралык жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт
10-11-декабрда Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда Сирия боюнча 14-эл аралык жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт деп билдирди кошуна өлкөнүн тышкы иштер министри Айбек Смадияров.
Дмитрий Медведев WADAнын чечимин сотко берүүнү тапшырды
Россияны төрт жылдык мөөнөткө бардык эл аралык ири мелдештерге катышуудан четтетүү жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы уюмдун(WADA) чечимин премьер-министр “антироссиялык долулуктун уландысы” деп атады жана тиешелүү спорттук мекемелерге WADAнын чечимин Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сотко берүүнү тапшырды.
АКШнын Федералдык резервдик системасын 8 жыл башкарган Пол Волкер дүйнөдөн кайтты
1979-1987-жылдары АКШнын Федералдык резервдик системасын 8 жыл башкарган Пол Волкер жекшемби күнү 92 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Казакстандагы жол боюна курулган $60 миңдик ажатканалар
“Казавтожол” улуттук компаниясы Нур-Султан – Щучинск жана Щучинск – Зеренда автожолунун боюна орнотулган 60 миң долларлык KazWay соода павильондору менен ажатканаларды тааныштырды.
Россияда гречканын баасы кымбаттоодо
Айыл чарба министрлиги анын себебин дыйкандардын өткөн жылы гречка аянттарын кеңейтүүгө даяр болбой калышкандыгы менен түшүндүрүүдө деп маалымдады РИА Новости.
Филиппин катуу суу ташкындарына жабыр тартууда
Филиппинде бир айдан бери жаратылыш стихиясы өкүм сүрүп, суу каптоолор токтобой жатат.
Душанбе шаарынын башкы балатысы
Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы башкы балаты “Дучти” аянтына орнотулуп жасалгасы эртең аяктайт.
Аалам сулуусу” сынагын африкалык кыз жеңип алды
АКШнын Атланта шаарында өткөн «Аалам сулуусу» сынагы жыйынтыкталды.
2020-жылдын башкы түсү тандалды
Келе жаткан жылдын түсү "классикалык көк" болмоксу.
Жарандык авиациянын самолёттору жыл сайын 4 миллиард жүргүнчү ташыйт
7-декабрда Жарандык авиациянын эл аралык күнү белгиленди.
Мирзиёев журналисттердин мыйзамдуу укуктарынын бузулуусуна жол бербейт
Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 27 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кандай формада болсо дагы коомдук көзөмөлгө кысым көрсөтүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна жол бербейбиз деп айтты.
Кытайдын жаңы нааразылыгы
Гонконгдогу кырдаал жана уйгур азчылыгы боюнча АКШда атайын мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, эл аралык маселелерди тейлеген Ян Цзечи АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого өткөн ишемби, 7-декабрда телефон аркылуу өтө нааразылыгын билдирди деп маалымдады NHK.
Нетаньяху Израилде премьерди тикелей шайлоо эрежесин киргизүүнү сунуштады
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жыл ичинде үчүнчү ирет парламенттик шайлоо өткөрүүгө жол бербеш үчүн өкмөттүн башчысын тикелей шайлоону сунуштады деп билдирди РИА Новости.
Белоруссия Россиядан арзан газ сурабайт
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко 7-декабрда Сочиде “Биз Россиядан арзан мунай жана газ сурабайбыз, бирок ишканаларыбыз үчүн бирдей шарттар түзүлүшүн каалайбыз, башка эч нерсенин кереги жок” деп айткандыгын РИА Новости маалымдады.
5,5 саатка созулган сүйлөшүү
Россия жана Белоруссиянын президенттери Владимир Путин менен Александар Лукашенконун 7-декабрда Сочидеги сүйлөшүүлөрү 5,5 саатка созулду.
Forbes жылдын эң көп акча тапкан музыканттарын атады
Forbes журналы эң көп акча тапкан дүйнөдөгү музыканттардын ар жылдык рейтингин жарыялады.
6-декабрь: Олуттуу окуялар түрмөгүнөн
Бүгүн Испанияда Конституция күнү, Финляндияда көз карандысыздык майрамы, Украинада куралдуу күчтөрдүн, Казакстанда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.
Жаңы жылдык балатылар орнотула башталды
Ташкент шаарындагы жаңы жылдык башкы балаты быйыл Истиклол көчөсүнө орнотулат.
Түркмөнстан кош палаталуу парламентке өтүүгө камынууда
Ашхабадда өлкөнүн Башкы мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык комиссиянын жыйыны өттү.
Улан-Батордо 1-январдан тарта жол салыгы 5 эсе жогорулайт
Төлөмдөрдү жогорулатуунун эсебинен Монголиянын борбор калаасынын бюджети 18,5 миллион долларга жогорулайт жана алар жолдорду тейлөөгө жумшалат.
Россияда Сбербанктын банкоматтары тажик жана өзбек тилинде тейлей баштады
Россияда Сбербанктын банкоматтарынын 80%ы тажик жана өзбек тилинде да тейлей баштады.
Россияда Өзбекстандан чыккан Ravon автоунаалары арзандады
Өзбекстандан чыккан автоунаалар мурдагы бааларына салыштырмалуу 1000 долларга арзандады.
Хоккей: Өзбекстанда армиячылардын клубу түзүлдү
Өзбекстанда коргоо министрлиги өзүнүн MVSK деп аталган хоккей клубун түздү.
Түркмөнстанда коррупционерлерден тартып алынган үйлөрдү бала бакча кылууга көрсөтмө берилди
Түркмөнстанда мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликов жана миграциялык кызматтын мурдагы жетекчиси Мейлис Нобатов ири өлчөмдө пара алгандыктары үчүн узак мөөнөткө соттолушкандыгын өлкөнүн башкы прпокурору Батыр Атаев мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Зеленский Time журналынын мукабасында
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүрөтү Time журналынын мукабасына жарыяланды.