Биткоин дагы бир тарыхый максимумду жаңылады
Эң популярдуу делген биткоин кечээ, жекшембиде кезектеги тарыхый рекордду белгилеп, 24 248 долларга бааланды.
Россиялык армияда жарым миллион контрактчылар болот
Интерфакс.рунун маалыматына караганда, РФнын Коргоо министрлиги Россияда контракт боюнча кызмат өтөгөн солдаттар, сержанттар жана прапорщиктердин санын 500 миңге чейин жеткирүүнү пландоодо.
Роспотребнадзор аба каттамдар үчүн коопсуз үч өлкөнү атады
Россия аба каттамдарын калыбына келтирген 16 өлкөнүн үчөөсү гана COVID-19га байланышкан кырдаалдын коопсуздугу боюнча талаптарга толук жооп берет деп билдирди Роспотребнадзордун басма сөз кызматы.
Рустам Эмомалинин «үчүнчү мөөнөтү»
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали атасынын жолун жолдоп, кызматтан кызматка секирип, атасынын ордун ээлөөгө даяр болуп калды.
Мигранттардын эл аралык күнү
Бүгүн мигранттардын эл аралык күнү.
Польшада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилет
Польшанын бийликтери коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизет деп айтылат польшалык өкмөттүн сайтындагы маалыматта.
Юрий Никулин
СССРдеги эң таанымал цирк артисти, маскарапоз Юрий Никулин туулган күн (18.12.1921-21.08.1997).
Дүйнөлүк туристтик тармак $935 млрд жоготту
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму (UNWTO) туристтик тармактын быйыл 9 айдагы жоготууларын $935 миллиардга баалады.
Өзбекстанга биринчи жолу кытайлык BYD электромобилдери жеткирилди
Өзбекстанга кытайлык BYD электромобилдеринин үч үлгүсү жеткирилди, алардын бири үч ай мурда эле кытай рыногуна сатыкка чыгарылган эң жаңы Han EV седаны – анын Premium Long-Range RWD версиясындагы баасы – 63,535 доллар турат.
Монгол малчылары 2021-жылдан тарта салык төлөй баштайт
Көптөгөн жылдар бою эсепсиз малы бардыгына карабастан монгол малчылары салык төлөөдөн бошотулуп келген.
Бразилияда коронавируска каршы эмделүүдөн баш тарткандар жазаланат
Бразилиянын Жогорку соту бийликтерге өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткандарды кыйыр түрдө мажбурлоого уруксат берди деп билдирди жергиликтүү Folha басылмасы.
Кыргызстанга COVID-19дун вакцинасын жеткирүү боюнча ДССУнун глобалдык программасы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн
Дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө COVID-19дун вакцинасын жеткирүү боюнча ДССУнун глобалдык программасы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп билдирди Reuters агенттиги.
Канадада лотереядан утушка ээ болгон жаран аны бир жылдан кийин гана алууга үлгүрдү
Канаданын Манитоба провинциясына караштуу Гладстон шаарынын тургуну Джон Михальски 2019-жылдын 17-декабрында Lotto Max лотереясынан 250 миң доллар утушка ээ болгон эле.
Харьковдун мэри Геннадий Кернес дүйнөдөн кайтты
Бул туурасында РИА “Новости” маалымдады.
Биткоиндин баасы 22 миң доллардан ашты
Биткоиндин баасы тарыхта биринчи жолу 22 миң доллардан ашты.
Байден АКШнын транспорт министри кызматына Пит Буттиджичти сунуштады
38 жаштагы Пит Буттиджич 2012-2020-жылдары Саут-Бенд шаарынын мэри болгон.
Владимир Путин бүгүн чоң пресс-конференция өткөрүп жатат
Алдын ала маалымдалгандай эле бүгүн, 17-декабрда ушул сааттарда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин салтка айланган ар жылкы чоң басма сөз жыйынын өткөрүп жатат деп билдирди РИА “Новости”.
2020-жылы Монголия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү $6,8 млрдга жетти
2020-жылдын 11 айында Монголиянын тышкы соода жүгүртүү көлөмү 11,7 млрд долларга жетип, анын 6,9 миллиарды экспорттун, 4,9 млрд доллары импорттун үлүшүнө туура келди.
Кайли Дженнер 2020-жылы 590 млн доллар иштеп тапты
Forbes журналы 2020-жылы эң көп акча алган дүйнөлүк атактуулардын жаңы рейтингин жарыялады.
Кытайлык космостук аппарат кайтып келди
Кытайлык учукучу жок «Чанъэ-5» космостук аппараты Айдан 2 килограммга жакын кыртыш үлгүлөрүн алып Жерге аман-эсен кайтып келди деп кабарлады ТАСС агенттиги.
АКШда Pfizer вакцинасы менен эмделген медкызматкер ооруканага жаткырылды
Американын Аляска штатында BioNTech жана Pfizer компанияларынын вакцинасы менен эмдөөдөн кийин күчтүү аллергияга кабылган медициналык кызматкер ооруканага жаткырылды деп маалымдады The New York Times гезити.
Кант менен күн карама майынын баасы беш күн ичинде арзандайт
РФнын Айыл чарба министрлиги өндүрүшчүлөр жана соода түйүндөрү, ошондой эле тармактык ассоциациялар менен келишим түздү, ага ылайык канттын жана күн карама майларынын баалары беш күн аралыгында арзандайт деп билдирди министр Дмитрий Патрушевге шилтеме жасаган министрликтин басма сөз кызматы.
АКШнын атайын кызматтары өкмөткө масштабдуу киберчабуул жасалып жаткандыгын тастыктады
Федералдык тергөө агенттиги (ФБР), Киберкоопсуздук жана инфраструктуралык коопсуздук боюнча агенттик (CISA) жана Улуттук чалгын директорунун башкармалыгы (ODNI) акыркы бир нече күн аралыгында улантылып жаткан масштабдуу киберчабуулдар туурасында биргелешкен билдирүү таратышты.
БУУ жардамга муктаж оогандар 5 миллионго көбөйөрүн билдирди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде кийинки жылы мурдагыга караганда көбүрөөк оогандар каатчылыкка кабылышы мүмкүн.
Россияда мигранттардын саны азайды
Россияда мигранттардын саны эки эсеге кыскарды.