Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

ЭлТрге жаңы жетекчи дайындалды

Буйрук
13 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
170
Калыкулов Керимбек Акматалиевич КР Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген. 2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «ОшТВ телеканалы» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу