Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Пневмонияга чалдыккан учурда өпкөнүн иштөөсүн текшерген пульсоксиметрдин мобилдик тиркемесин колдонсо болот

Коом
16 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
59
Бул тууралуу жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова ММКлардын бирине берген маегинде айтты.
"Адамдын өпкөсү жабыркаганда биринчи эле дем алуусу оорлошот. Канда кычкылтек жетишсиз болуп башка органдар да жабыркайт. Канга кычкылтек канчалык деңгээлде жетип жаткандыгын пульсоксиметр менен өлчөйбүз. Бирок бул аппаратты бейтап сатып алса, ал айыккан соң кереги жок болуп калат. Азыр айрым смартфондордо жана колго тагынган спорттук билериктерде бул жабдуу бар экен. Биз дарыгерлер колдонгон пульсоксиметр менен салыштырсак көрсөткүчтөрү дээрлик бирдей чыкты. Демек бейтаптар бул каражаттарды да колдоно берсе болот", — деди Естебесова.
Дарыгер Samsung смартфондорундагы Samsung health тиркемесин медициналык пульсоксиметр менен салыштырып көрүшкөнүн кошумчалады.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу