Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Каза болгондордун көрсөткүчү төмөндөп, жакшы тенденция байкала баштады

Коом
20 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
89
Бул тууралуу 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди. “Кудайга шүгүр, акыркы күндөрү өлүмдүн көрсөткүчүндөгү тенденция жакшы жакка бурулуп жатат. Өлүмдүн көрсөткүчү – акыркы суткада тастыкталган COVID-19дан эки эле адам (бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында), ал эми лабораториялык жактан тастыкталбаган COVID-19дан 32 адам көз жумду. Эпидемия башталгандан берки жалпы көрсөткүч 1037 адам болду. Бүгүнкү күндө стационарларда 13 201 адам дарыланып жатат. Алардын арасында реанимациядан которулгандар да бар. Тенденцияны көзөмөлдө кармап жатабыз”.,-деди Каратаев. Соңку бир суткада ооруканаларда коронавирустан жалпысынан 34 адам көз жумду. Буга чейин бул илдеттен каза тапкандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 15-июлда катталып, 84 адамды түзгөн.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу