Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти

Коом
27 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
69

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кечээ нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кеткен. Жергиликтүү элдин маалымдашынча селден эгин талаалары жабыркаган. Сел аймактагы Гайрат жана Кескин-Таш айылдарында эгин талааларын жууп, турак үйлөрдү каптаган. Тамаша, Кызыл-Булак жана Лангар айылдарында жолдорго зыян келтирген, автоунаа кыймылы токтогон.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу