Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

​23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия таратылды

Коом
20 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
80
Үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия таратылгандыгын  Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин пенсия өз убагында жана толук өлчөмдө төлөнүп берилди.
“2019-жылы республикалык бюджеттен 21 млрд сом түшкөн. Жарандарга 45 млрд сомго пенсия төлөнүп берилген. Ал жылы пенсияны 670 миң адам алчу. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 786 сом болгон. Быйыл 6 айдын ичинде 23 млрд 654 млн сомго пенсия төлөнүп берилди. 2020-жылы республикалык бюджеттен 11 млрд сом түшкөн”, - деди Уланбек Асанов маалымат берип жатып.
Пенсионерлердин 41 пайызы почта аркылуу, 59 пайызы коммерциялык банктар аркылуу өз пенсияларын алышкан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу