Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

10 миң 927 абитуриент окууга өттү

Коом
30 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
68
Азыркы шартка байланыштуу онлайн кабыл алуу жүргүзгөн жогорку окуу жайларга окууга кабыл алуунун I турунда «Абитуриент Онлайн» системасына 30 миң 173 талон келип түштү. Тагыраак айтканда  бюджеттик орунга - 12 миң 121, акы төлөп окууга -  18 миң 52 талон тапшырылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.  Маалыматка караганда системадагы 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталып, 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин билдиришкен. Анын 2301и бюджеттик орундарда, 8626сы келишимдик негизде билим ала алат. ЖОЖдорго кабыл алуунун өтүнмөлөрүн тапшыруунун II туру 27-29-июлда саат 14:00гө чейин болду. Аал эми III туру 3-5-августта саат 14:00гө чейин болмокчу.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу