Курс НБ на 07.04.2020 $84,8713 €91,6016

​Фёдор Чалов Англияга кетеби?

Спорт
19 - Март 2020
www.erkintoo.kg
78
Москванын ЦСКА футболдук клубунун чабуулчусу Фёдор Чаловду Англиянын бир эмес үч: «Кристал Пэлас», «Вест Хэм Юнайтед» жана «Брайтон энд Хоув Альбион» клубдары өз катарынан көргүлөрү келет. Мындайча айтканда чакырууга даяр турушат. Ф. Чаловдун трансфер рыногундагы баасы 27 млн еврону түзөт. Былтыр “Кристал Пэлас” Чаловго 15,2 млн евро сунуш кылып чакырган. Бирок ЦСКА макул болгон эмес. 21 жаштагы чабуулчу Чаловдун ЦСКА клубу менен түзгөн келишми 2022-жылы соңуна чыгат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу