Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

​Дзюдо: Мариус Визер Ташкентке келди

Спорт
16 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
122
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер кечээ Ташкентке келди. Визиттин алкагында эл аралык уюм менен Өзбекстанда дзюдону өнүктүрүү боюнча жаңы келишимдер менен меморандумдарга кол коюлат. Эң башкысы – 2021-жылы чоңдор арасында өтчү дүйнөлүк биринчиликти уюштурууга талапкер болуп жаткан Өзбекстандын талапкерлиги талкууга алынмакчы. Эгер маселе оңунан чечилип калса, Өзбекстан өз тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүүгө, камынууга киришет. Аталган уюмга азыр 198 өлкөнүн улуттук федерациялары мүчө. Эларалык дзюдо федерациясын 2007-жылдан бери румын Мариус Визер жетектеп келет. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.