Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

​Тажикстан Афганистанга электр энергиясын экспорттоону 12 эсе кыскартты

Дүйнө
11 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
26
9-октябрда Афганистандын Саланг районунда Тажикстандан Кабулга электр жарыгын берип жаткан 220 кВттык чыңалуудагы электр линиялары жардырылгандыгына жана Нурек ГЭСине келген суунун азайгандыгына байланыштуу Тажикстан Афганистанга электр энергиясын экспорттоону 12 эсе кыскартты деп маалымдады “Авеста”.
Кошумчаласак, Тажикстан үстүбүздөгү жылдын 8 айында кошуна өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоодон 76,5 миллион доллардан ашык киреше тапты. Август айында Өзбекстанга – 346 млн кВт/саат, Афганистанга – 270 кВт/саат жана Кыргызстан менен Казакстанга – 22 млн кВт/саат электр кубатын жөнөткөн Тажикстан жыл аягына чейин жалпы көлөмдү 3,5 млрд кВт/саатка жеткирүүнү болжоп жатат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу