Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

​“Ак Шумкардын” алгачкы жеңиши жана жаңы рекорду

Коом
11 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
27
Футболдон 2022-жылы Катарда өтчү дүйнө жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия биринчилигине тандап алуу оюндарынын 2-баскычындагы 3-турдагы оюндар кечээ түндө жыйынтыкталды жана күйөрмандар күтпөгөн эсептер катталды:
Иран – Камбоджа – 14:0;
Түш. Корея – Шри-Ланка – 8:0;
Кыргызстан – Мьянма – 7:0;
Кытай – Гуам – 7:0;
Япония- Монголия – 6:0;
Астралия – Непал – 5:0;
Өзбекстан – Йемен – 5:0;
БАЭ – Индонезия – 5:0;
Эске салсак Азиянын 40 командасы бештен 8 топко бөлүнүшкөн. Мында 8 топтун жеңүүчүлөрү жана көрсөткүчтөрү мыкты болгон 2-орундарды ээлешкен 4 команда 2023-жылкы Азия биринчилигине катышууга жолдомо алышат жана 2022-жылкы дүйнөлүк биринчиликке тандап алуунун кийинки айлампасына өтүшөт.
Кыргызстан курамасы Бишкекте Мьянма тандалмасын кабыл алып 7:0 эсебинде талкалады жана алгачкы 3 упайын алды. Мындан сырткары ири эсептеги жеңиши жаңы рекорд катары катталды. Эми 15-октябрда Улан-Батордо Монголияга каршы ойнойт.
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу