Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

​Тажикстан кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу бузду

Коом
13 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
12
Тажикстан Хатлон облусунун аймагындагы семирткич чыгаруучу “Азот” ишканасын (мурдагы Вахш азот семирткич өндүрүү заводу) жандандырмакчы болгон кытайлык “Хэнань Чжун-Я Холдинг тобу” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузду. Буга кытайлык компаниянын өзүнө алган милдеттенмелерди убагында аткарбагандыгы себеп болду деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу өкмөттүн токтому да чыкты. Келишим боюнча 11 жылдан бери токтоп турган завод ишке берилсе, алынган кирешенин 70%ын кытайлар, 30%ын тажиктер алмак. Вахш азот семирткич өндүрүү заводу 1967-жылы курулган. Тажикстан азыр аталган ишканага 350 миллион доллар каражат сарптай ала турган инвестор издей баштады.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу