Курс НБ на 14.10.2019 $69,8079 €77,0016

Мээрим күмүш, Назира коло байгелүү болду

Спорт
16 - Август 2019
www.erkintoo.kg
54
Эстониянын борбору Таллин шаарында спорттук күрөштөн жаштар арасында дүйнө биринчилиги өтүүдө. 12-августта башталган мелдеште алгач экин күрөштүн балбандары килемге түштү. Биздин жигиттер курамасынан 7 жигитибиз барганы менен ийгилик жарата алышпады. 70 кг чейинки салмакта Алинур Такиров 8-орунду ээледи.
Кыздардан 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова финалда япон кызына утулуп күмүш медаль алды. 59 кг салмактагы Назира Марсбек кызы коло байге үчүн күрөштө италиялык кызга жеңилип калып 5-орунду ээледи. Бүгүн грек-рим күрөшүнүн чеберлери килемге түшөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу