
Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Тоңдо үйлөрдүн чарбагын суу каптады
Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, дамбаны бузуп 4 үйдүн чарбагын каптады. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, суунун көтөрүлүүсүнөн ички чарбалык көпүрөгө жана Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 57-чакырымындагы көпүрөгө коркунуч жаралган. Кесепетти жоюуга куткаруучулар, 3 жүктөгүч, 2 самосвал тартылды.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек