Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

​Опурталдуу Оман булуңу

Дүйнө
14 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
90
Ирандык жана араб жалпыга маалымдоо каражаттарынын 13-июндагы маалыматтарына караганда, Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул жасалды. Алардын биринчиси "Кокука Карейджес" япониялык Kokuko Sangyo компаниясы тарабынан ижараланган. Ал Сингапурга метанол жеткирип бара жаткан. Экинчи 75 миң тонна мунай жүктөп бараткан “Фронт Альтаир” танкери Бермуд аралдарында катталган норвегиялык Frontline компаниясына таандык. Алардагы 44 адам эвакуацияланып, Ирандын аймагына жеткирилди. Арийне АКШ мунай танкерлерине кол салууну уюштурду деп Иранды айыптап жатат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.