Курс НБ на 26.01.2021 $84,7911 €103,2162

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбековдун катышуусунда Нарын облустук бириктирилген оорукананын Неврология бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
755
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 9-сентябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустук бириктирилген ооруканын Неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ал КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган облус жетекчилери, медицина кызматкерлери менен чогуу жаңы имарат менен таанышып чыкты.
Учур талабына ылайыкталып салынган 70 орундуу бул имараттын ачылышында Жогорку Кеңештин Төрагасы бийик тоолуу аймактарда иштеген медициналык кызматкерлердин эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Ч.Турсунбеков бийик тоолуу шарттарда эмгек акысына райондук коэффициенттер жана иш стажысы үчүн кызматтык маянасына үстөктөр белгиленген райондордо айкалыштырып иштеген адамдардын эмгегине акы төлөө ошол коэффициенттерди жана үстөктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүү каралган мыйзам долбоорун демилгелеп, учурда ал документ тармактык комитеттердин кароосунан өтүп жаткандыгын, буюрса дарыгерлердин көйгөйлүү маселеси оңунан чечилерине ишендирди. Мындан сырткары, жалпы эле дарыгерлердин ишине ийгиликтерди тиледи. Неврология бөлүмүнө Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан жардам иретинде 100 миң сом өлчөмүндө жардам берилди.
Бийик тоолуу, жетүүгө шарты оор аталган облуста неврология дартына чалдыккан бейтаптарды аталган бөлүм гана дарылайт. Жылына 1700 чамасында бейтаптар кабыл алынат. 2012-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү чечими менен 2-кабаттуу бул имараттын курулушу башталган. Жарыяланган тендерди “ЭКА-РАС-5” фирмасы утуп алган. Жалпы курулушка 62 миллион сом каралып, бул сумманын 7,5 милллион сомуна тиешелүү техникалык жабдуулар менен эмеректер сатылып алынган.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.