Курс НБ на 26.11.2020 $84,7990 €101,0465

Жаңы ашкана жана кир жуучу жай ишке берилди

Аймак
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
653
Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде ашкананын жана кир жуучу жайдын жаңы имараттары курулуп бүтүп, ишке берилди.
“Жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 12 млн 600 миң сомго курулду. Азыркы күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасында 16 социалдык-стационардык мекеме иштеп жатат. Аларда 2 миң 376 адам жашайт. Ал имараттардын бардыгы тең тээ совет мезгилинде курулгандыктан оңдоону талап кылат”,- деп билдирди бул ведомствонун өкүлдөрү.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.