Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Жалал-Абад ОИИБ: Жыл жыйынтыгын чыгарды (фоторепортаж)

Аймак
12 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1076
Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу ыкчам кенешме болду.
Ага ИИМдин орун басары, милициянын генерал майору К.Асанов, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары, областын күч түзүмдөрүнүн жана өкмөттүн жергиликтүү ыйгарым өкүлүнүн орун басарынын катышуусунда өттү.
Ыкчам кеңешмени Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ж.Джоробеков алып барып, жалпысынан Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат, сырткы кызмат, тергөө, кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн абалы каралды.
Алсак, 2016-жылдын 12 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 83кө азайган. 2469 (2552)
Анын ичинен 2021 кылмыш иши козголуп, 2317 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, отчеттук мезгилде катталган кылмыштардын ичинен 2071 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу пайызы 89,4% түзгөн.
ИИМдин орун басары К.Асанов Жалал-Абад областындагы диний экстремизмге, терроризмге каршы, жаш өспүрүмдөр багытында, жол кырсыктарын алдын алуудагы иш-аракеттерге айрыкча басым жасады. Ошондой эле областагы кылмыштуулукту алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан профилактикалык аракеттерди, ыкчам тергөө жумуштарын баалап өттү.
Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам-кеңешмесинин чечими менен Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери “канаттандыраарлык” деп эсептелди.
Ошондой эле айрым жетекчилердин ишмердуулугу сынга алынып төмөндөгүдөй тартиптик жазалары берилди.
“сөгүш”(9) ;
“каттуу сөгүш” (3);
“кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” (8);
“ээлеген кызматынан бошотулуп төмөндөтүү менен пайдалануу” (1) ;
“көлөмү азыраак башка ШРИИБнө ротациялансын” (2);
жана 3 жетекчиге ооруканадан чыккандан кийин тартиптик жазалары каралсын деген чечим чыкты.
Ошондой эле жыл жыйынтыгы менен кызматтык милдеттерин так аткаруу менен жетишкен ийгиликтеринин негизинде атайын комиссиянын тандоосунан өткөн “Жылдын мыктылары” аныкталды. Алардын арасында ИИМдин ардагерлери да акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Жалпы көрсөткүчтөрү менен 1-орунду Базар-Коргон РИИБ, 2-орунду Токтогул РИИБ, 3-орунду Ноокен РИИБ ээледи.
Ж.Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.