Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Юстиция министрлиги имамдарды окутту

Аймак
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
561
Юстиция министрлигинин Оштогу башкармалыгы жергиликтүү имамдарга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам боюнча окууларды өткөрүүнү уюштуруп берди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда имамдарга жаштарды нике кыюу жаатындагы кийинки кабыл алынган мыйзамдар боюнча маалымат берилгендиги айтылууда. Эскерте кетсек, буга чейин Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жашы 18ге жете электер менен никеге турууга тыюу салынган.
Жазгүл  Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.