Курс НБ на 05.12.2020 $84,8000 €103,1253

ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдар өз статусу тууралуу уга башташты

Аймак
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
711
Ошто мындан бир топ жыл мурун  ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдар эс тартып, кээлери үйлөнүү курагына келип калышкандыктан  жакында Оштогу СПИДге каршы борбордо ВИЧ илдеттүү балдар менен психологдор иштей баштаган. Алардын бири Нуржан Жолдошова Ош облусундагы бул илдетке кабылган балдардын 60% дарты угузулганын билдирди,-деп жазат “Азаттык”
- Биз балдардын жаш өзгөчөлүгүн, мүнөзүн эске алып, ВИЧ тууралуу өздөрүнө угузуп жатабыз. Мисалы, "бул вирус организмде жүрөт, суюктукта жашайт, сен дайыма дары ичесиң" деп түшүндүрөбүз. Булардын көбү али жаш болгондуктан жыныстык мамиле тууралуу азыраак эле маалымат берүүдөбүз. Ош шаары жана Ош облусу боюнча ВИЧ илдеттүү балдардын 60% өз статусун угушту,-дейт Нуржан Жолдошова.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.