Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Уурулар узашпады

Аймак
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
857
  2016-жылдын 16-августтан 17-августка караган түнү Базар-Коргон районунун Шыдыр айылынын тургуну  А.Н.га таандык  Шыдыр айылынын талаасында, бош жүргөн 1 баш жылкысын, 2 баш букасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишип,  мал ээсине 150 000 сомдук зыян келтиришкен.
     Ушундай эле  окуя  4-сентябрдан 5-сентябрга караган  түнү кайталанып, анда Сузак районуна караштуу, Түрк-Абад айыл аймагында И.Х.нын  Ат-Чабар айылында жайгашкан мал сарайынын алдында бош жүргөн 8 баш малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги  билдирилген  жана жалпысынан 240 000 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
    Бул ыкчам маалыматтардын негизинде Жалал-Абад ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мал уурулуктарга каршы күрөшүү  тобу тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада облустун аймагынан мал уурулук менен алектенип жүргөн бир кылмыштуу топ кармалды. Алар Ноокен районунун Шайдан айылынын тургуну 20 жаштагы К уулу М  жана Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын тургуну 24 жаштагы  А.Т. аттуу тургундар  экендиги аныкталды. Экөө тең  мурда соттолгондор.  Келтирилген материалдык зыяндар учурда  төлөнүп жана уурдалган малдар өз ээлерине кайтарылып берилди.
Ризван Исмаилова, Ош облусу
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.