Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Улуттук каналдын көрсөтүүсү жакшы эмес

Аймак
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
791
Баткен облусунун алыскы айылдарында улуттук телекөрсөтүүлөрдүн сапаты жакшы эмес. Өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундары ушундан улам коңшу өлкөлөрдүн телеберүүлөрүн көрүүгө аргасыз болушат. «Көчмөндөр оюнун» көрө албай калдык, маалыматтар өз убагында жетпей жатат" деген жергиликтүү тургундардын бул көйгөйүн Баткен районунун Согмент айылынын тургуну Сүйүн Инамов айты. Улуттук телеканалдардын жакшы көрсөтпөгөндүгүн, тескерисинче, Өзбекстандын телеберүүлөрү сапаттуу көрсөткөндүгүн айткан бул карыя өлкөдө болуп жаткан жаңылыктардан артта калып жатканын айтты.Телеберүүлөр санарипке өткөндөн бери сапаты жакшырганы менен айрым жерлерде «нет сигнала» деп катып калган учурлары чынында эле көбөйдү. Ушундай эле жагымсыз жагдайлар Лейлек районунун Коргон, Катыраң айыл аймагында да орун алган. Ансыз да эки республика менен чектешкен Баткен облусунда маалыматтык коопсуздук курч экендигин эске алсак, мындай көрүнүштөрдү четтетүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө мезгил жетти деп ойлойбуз.
Адылбек Акматов, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.