Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Түптө балык уулап жүргөндө сууга чөгүп кеткен жигиттердин аты-жөнү такталды
Бүгүн, 21-декабрда Ысык-Көлдө кайык менен балык уулап жүрүп сууга чөгүп каза болгондордун аты-жөнү такталды. ӨКМ билдиргендей, окуя Түп районунун аймагында болгон.
Такталган маалыматтар боюнча, оодарылган кайыктын ичинде 1989-жылы туулган Т.Ш. жана 1990-жылы туулган Э.Э. болгон.
Издөө иштерин жүргүзгөн ӨКМдин 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары саат 04:25те суунун жээгинен 5-6 метр аралыктан Т.Ш.нын жансыз денесин табышкан. Издөө иштери улантылып, Э.Э.нин жансыз денесин суудан саат 08:50дө алып чыгышты.
Булак: Турмуш

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек